Жаратылыш ресурстары министрлиги IV Элдик Курултайдын алкагында өндүрүш объекттеринин ачылышын камсыздады

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги  IV Элдик Курултайдын алкагында өндүрүш объекттеринин ачылышын камсыздады
Жаратылыш ресурстары министрлиги  IV Элдик Курултайдын алкагында өндүрүш объекттеринин ачылышын камсыздады


Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 20-13636 тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын 25-декабрында IV Элдик Курултайдын ачылыш күнү Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониядан онлайн форматта социалдык жана өндүрүш объекттерин ачуу иш-чарасы өткөрүлдү.


Аталган иш-чаранын алкагында республика боюнча бир катар социалдык жана өндүрүш объекттери, анын ичинде 4 өндүрүш объектиси ишке берилет. Өндүрүш объекттеринин ачылышын камсыз кылуу боюнча жооптуу ведомство катары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аныкталган.
Президенттин Администрациясынын тапшырмасын аткаруу максатында Министр М. Машиевдин жетекчилиги астында тиешелүү жыйын өткөрүлүп, ар бир объект боюнча жооптуу жетекчилер бекитилди.


2025-жылдын 25-декабрында төмөнкү объектер ачылды.
Ачылышы пландалган объекттер жана жооптуу жетекчилер:
• Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча
“ПК Дишан Курулуш” ЖЧКсынын “Дишан Два” ишканасы
Министрдин орун басары – Кыргыз геология кызматынын директору Марат М.Жусупбеков, ошондой эле Министрликтин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Т.Егембердиев;
• “Дукастомс” ЖЧКсынын тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын кайра иштетүүчү ишканасы
Министрдин орун басары А.Раимкулова жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Медетбек Анарбек уулу;
• Ысык-Көл облусу боюнча
“Бетон-Про” ЖЧКсынын кум карьерин өздөштүрүү боюнча өндүрүштүк комплекси
Министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчиси М.кыштобаев  жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын облустук башкармалыгынын жетекчиси К.Тентимишев;
• Баткен облусу боюнча
Сүлүктү кенинин 11-участогунда көмүр кенин өздөштүрүү долбоору


Жооптуулар: Министрликтин Баткен облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчиси А.Маматалиев жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын облустук башкармалыгынын жетекчиси Д.Бердиев.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги белгиленген иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн камсыздады.