Кышкы тюбинг тебүү жайларында кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
31-декабрь 2025, 10:59
Кышкы тюбинг тебүү жайларында кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан кышкы эс алуу үчүн тюбинг тебүү жайларында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — кышкы эс алуу маалында мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү болуп саналат. Анын алкагында тюбинг тебүү жайларында эс алуучуларга жана кызмат көрсөткөн субъекттерге коопсуздук талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертүү жана маалыматтык билдирүүлөр таратылды.
Инспекторлор тарабынан коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү, коргоочу каражаттарды колдонуу, ошондой эле уюштуруучулардын жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, техникалык талаптардын аткарылышы жана коопсуз шарттардын түзүлүшү боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындан ары да кышкы эс алуу жайларында жарандардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу максатында профилактикалык жана көзөмөл иш-чараларын улантат.