"Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине жана коопсуздугуна каршы кылмыштардын алдын алуу чөйрөсүндөгү кылмыш саясаты"темасындагы тегерек стол.

Чүй өрөөнү
"Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине жана коопсуздугуна каршы кылмыштардын алдын алуу чөйрөсүндөгү кылмыш саясаты"темасындагы тегерек стол.

2025-жылдын 2-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун Кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасы жана «Кыргызстандын юристтери» Ассоциациясы Германиянын Конрад Аденауэр атындагы фондунун каржылык колдоосу менен “Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине жана коопсуздугуна каршы кылмыштардын алдын алуу чөйрөсүндөгү жазык саясаты” темасында тегерек стол өткөрүштү. 


Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин аппаратынын өкүлдөрү, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, укук коргоо жана фискалдык органдар, жарандык жана эл аралык уюмдар, эксперттик жана аналитикалык борборлор, илимий-педагогикалык коомчулук жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.


Атайын конок катары төмөнкү адамдар сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Койчиев А.К.; Фонддун региондук ыйгарым укуктуу өкүлү. Конрада Аденауэрдин Борбордук Азия боюнча Андре Альгермиссен. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун директору, юридика илимдеринин доктору, профессор Сманалиев К.М.; Түрк мурасы борборунун жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Осмоналиев К.М.;  КРСУнун Юридикалык факультетинин кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Сулайманова Н.Н.; “Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму” коомдук бирикмесинин президенти Айтматов А.Ч.;

“Кыргызстандын юристтери” ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Камиль кызы Гузель;

Нидерланд Королдугундагы Голландия-кыргыз ишкерлер кеңешинин төрайымы Кошоева Ж. Б   жана “Тандем” изилдөө-аналитикалык платформасынын аткаруучу директору Эргешбаева Т.Н. жана башка өкүлдөр өзүнүн докладдары менен катышты.


Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин доктору Бакыт Дайрабаевич Какешов өзүнүн “Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине жана коопсуздугуна каршы кылмыштардын алдын алуу жаатындагы жазык саясаты” деген темада өзүнүн монографиясынын бет ачарын өткөрдү.


Бул эмгек Кыргыз Республикасынын заманбап мамлекеттик түзүлүшүнүн калыптанышындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын түзүлгөндүгүнүн 110 жылдыгына арналып жазылган.


Монографияда конституциялык түзүлүшкө жана коопсуздукка каршы кылмыштардын алдын алуу жаатындагы жазык саясатынын теориялык жана практикалык көйгөйлөрү талданып, бул жааттагы мыйзамдардын комплекстүү иликтөөсү жүргүзүлгөн. Бул Кыргызстандагы жазык укугунда аталган темадагы алгачкы изилдөөлөрдүн бири болуп саналат. Эмгек тарыхый жана салыштырма укуктук аспекттерди камтып, тиешелүү мыйзамдарга терең талдоо берет.


Монография укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, юридикалык адистерге, студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга, окутуучуларга жана жалпы эле жазык укугу, криминология жана коопсуздук маселелерине кызыккан окурмандар үчүн пайдалуу булак болуп саналат.