2025-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан, Чүй облустук мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл башкармалыгы, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү, Арашан айыл өкмөтү жана Экологиялык мониторинг департаментинин өкүлдөрү менен биргеликте комиссиялык кароо жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү

2025-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан, Чүй облустук мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл башкармалыгы, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү, Арашан айыл өкмөтү жана Экологиялык мониторинг департаментинин өкүлдөрү менен биргеликте комиссиялык кароо жүргүзүлдү.

Кароонун негиздемеси катары, мурдагы контролдук текшерүү учурунда жеке ишкер П.Н. Азимова тарабынан өз ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча кепилдик кат берилгендигине карабастан, Башкармалыктын дарегине анын ишмердүүлүгүн улантып жаткандыгы жана кардарлар тынымсыз бардыгы боюнча кайрылуулар келип түшкөн.

Комиссиялык кароонун жыйынтыгында, жеке ишкер П.Н. Азимова ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча берген кепилдик катына карабастан, эки даана эс алуу жайында (домикте) кардарларды кабыл алып иштеп жатканы аныкталды.

Жеринде Экологиялык мониторинг департаментинин өкүлдөрү тарабынан абага чыккан түтүндөн үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча жеке ишкер П.Н. Азимовага тапшырма берилди жана чогултулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алынды.