2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Чүй өрөөнү
2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Кыргызстан Борбор Азияда климаттык ишмердүүлүк жаатында комплекстүү рамкалык мыйзамды иштеп чыккан биринчи өлкө болуп калды. Бул өлкөнүн глобалдык климаттык күн тартибине жана туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин тастыктайт.


Мыйзам парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптациялоого, климаттык каржылоо механизмдерин өнүктүрүүгө, көмүртектик нейтралдуулукка жетишүүгө, ошондой эле илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, потенциалды жогорулатууга жана климаттык технологияларды иштеп чыгууга жана өткөрүп берүүгө багытталган заманбап климаттык башкаруу системасын калыптандырууга арналган.


Документ ошондой эле Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусунун жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн укуктук негизди түзөт.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмөгү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын техникалык колдоосу менен иштелип чыккандыгы өзгөчө мааниге ээ. Бул демилге климаттык реформанын кеңири бир бөлүгү болуп саналат жана өлкөдөгү климаттык иш-аракеттер үчүн системалуу укуктук базаны түзүүгө багытталган.


Мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Марлен Маматалиев, Камила Талиева, Жылдыз Эгенбердиева, Медина Кайрылбекова, Рахат Жунушбаева, Бакыт Тентишев, Сеидбек Атамбаев, Жаныбек Абиров, Гуля Кожокулова, Адилет Белеков, Гулнара Баатырова жана Бекмурза Эргешов чыгышкан.


Жогорку Кеңеш тарабынан «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн климаттык туруктуулугун чындоодо, «жашыл» өнүгүүнү илгерилетүү жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.


Мыйзам долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине кароого киргизилет.