Жаратылыш министрлиги жапайы канаттуулардын мыйзамсыз соодасын алдын алды
22-октябрь 2024, 11:02
20-октябрь 2024-жылы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Ош ОИИБдин өкүлдөрү менен биргеликте Жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоону жана сатууну алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында Ош шаарынын борбордук базарында рейд өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 22 жапайы көгүчкөн сатуу менен алектенген М.П. аттуу жаран аныкталды. Бул укук бузуу үчүн ага 10 000 сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 1-беренесинин 261-пунктуна ылайык айып салынган.
Инспекторлордун рейди жапайы жаныбарларды коргоого, мыйзамсыз соодадан улам жоголуп бара жаткан жапайы канаттууларды кармоого жана сатууга жол бербөөгө багытталган.
Жаратылыш министрлиги калкты экологиялык эрежелерди сактоого жана жапайы жаныбарлардын мыйзамсыз соодасы экосистемага гана зыян келтирбестен, укуктук кесепеттерге алып келерин эскертет