2024-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары М.Р. Маметов жайкы туристтик мезгилине даярдык кѳрүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 Жарлыгынын аткарылышы боюнча Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгында жыйын өткөрдү

Ысык-Көл өрөөнү
2024-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары М.Р. Маметов жайкы туристтик мезгилине даярдык кѳрүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 Жарлыгынын аткарылышы боюнча Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгында жыйын өткөрдү

2024-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары М.Р. Маметов жайкы туристтик мезгилине даярдык кѳрүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 Жарлыгынын аткарылышы боюнча Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгында жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө М.Р. Маметов Ысык-Көл облусунун аймагындагы бардык эс алуу жайларына кошумча билдирүү таратып, эс алуу жайларынын тазалоочу курулмаларынын бар-жогун аныктоо боюнча инвентаризация жүргүзүү боюнча тапшырма берди.

Коюлган тапшырманын ыкчам аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (мындан ары - Кызмат) борбордук аппаратынын, Чүй, Бишкек жана Нарын регионалдык башкармалыктарынын инспекторлору Ысык-Көл облусуна чакыртылды.

2024-жылдын 11-12-13-майында Кызматтын жооптуу инспекторлору жүргүзгөн Ысык-Көл облусунун аймагындагы рекреация объектилерин инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпысынан 412 рекреация объектилери такталып эскертмелер таратылды.

Иш чаранын жүрүшүндө рекреация объектилери ПЭРЭТО, Сарби, АкваПласт жана Зеро жоопкерчилиги чектелген коомдор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде област аймагында 31 саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын курулуш иштери башталгандыгы аныкталды.

Ошондой эле, министрдин биринчи орун басары М.Р. Маметов,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У. Далиев, Ысык-Көл облусунун акимдери жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун Ысык-Кѳл облусу боюнча регионалдык башкармалыктарынын башчыларынын катышышуусунда өткөн 2024-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык кѳрүү жана ийгиликтүү ѳткѳрүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 Жарлыгынын аткарылышы боюнча координациялык кеңешмеге катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ М.Р. Маметов, учурда 1127 эс алуу жайын толук саркынды суу тазалоочу курулмалар бар жогун аныктоо үчүн Министрликтин Бишкек, Чүй, Нарын регионалдык башкармалыктарынан инспекторлор тартылып, азыркы күндѳ инвентаризация иштери активдүү жүрүп жаткандыгын маалымдап, Кыргыз Республикасынын Президентинин № 131 Жарлыгынын аткарууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү Министрликтин инспекторлоруна көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Жарлыкка туура келбеген саркынды сууну тазалоочу курулмалар жок эс алуу жайларын жабуу боюнча механизмин иштеп чыгып, учурда Министрликтерге жана ведомстволорго макулдашуу үчүн жиберилгендигин билдирди.

Учурда Министрликтин жооптуу инспекторлору, жергиликтүү бийлик органынын өкүлдөрү менен биргеликте “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткарууга жана 2024-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык кѳрүүгө багытталган иш чаралар кызуу уланууда.