«Борбордук лаборатория» МИ 2025-жылдын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Чүй өрөөнү
«Борбордук лаборатория» МИ 2025-жылдын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, каржылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн камсыздады.


2025-жылдын финансылык көрсөткүчтөрү:
 • Киреше 340 144,4 миң сомду түзүп, бекитилген 195 830,0 миң сомдук план 173,7%га аткарылды;
 • Чыгымдар 192 026,2 миң сом болду (өсүшү өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштуу);
 • Салык төлөөгө чейинки пайда 148 118,2 миң сомду түзүп, план 337%га аткарылды;
 • Таза пайда 133 306,38 миң сом болуп, план 337,4%га аткарылды.


Мамлекеттик бюджетке 67 999,7 миң сом салык жана 29 956,3 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү которулду.


Отчеттук мезгилде 33 730 үлгү кабыл алынып, анын 31 706сы 339 891,7 миң сом суммасында изилденди. Ошондой эле 181 065,97 тонна концентраттан жана 47,71 тонна технологиялык үлгүдөн инспекциялык тандоо жүргүзүлдү.


2025-жылы ишкана техникалык кайра жабдууга өз каражатынан 57 591,4 миң сом жумшады. Заманбап аналитикалык жабдуулар жана өндүрүштүк муктаждык үчүн автотранспорт сатылып алынып, минералогиялык-технологиялык изилдөөлөр кайра жандантылды. Бишкек шаарынын ЖЭБинин отун лабораториясы кабыл алынып, көмүрдү техникалык талдоо боюнча аккредитацияланган топ түзүлдү.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык көмүрдү техникалык талдоо участогунун жабдууларын жаңылоого жана өндүрүштүк жайларды оңдоого 100 млн сом бөлүндү.


«Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы өнүгүү, модернизация жана лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу багытындагы ишин ишенимдүү улантууда.