2026-жылдын 22-январында Чүй облусунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды
22-январь 2026, 14:08
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Панфилов районуунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жарандар белгиленген аңчылык эрежелерин бузуп, мыйзамсыз түрдө үч (3) даана кыргоолду атканы такталып, алар кармалды.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык эки (2) административдик протокол түзүлүп, 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө административдик айып салуу тууралуу токтом чыгарылды.
Мындан тышкары, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында үч даана кыргоол үчүн 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө доо коюлду.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылык жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирээрин жана биоресурстарды пайдалануу тартибин бузарарын эскертет. Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо боюнча талаптарды жана аңчылык эрежелерин так сактоого чакырат жана бул багыттагы рейддер мындан ары да улантыларын маалымдайт.