Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы тууралуу интернет булактарында видеоматериалдар жарыяланган.

Чүй өрөөнү

Аталган фактылар боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы 2026-жылдын 22-апрелинде жеке жана юридикалык жактардан расмий арыздарды кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макулдугунун негизинде 2026-жылдын 23-апрелинен тартып жогоруда аталган курулуш компанияларына карата пландан тышкары текшерүү иш-чаралары  башталды, анын жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде жогоруда аталган кампанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Текшерүүнүн алкагында:

- Кум жана топурак төгүүнүн кесепетинен Ысык-Көлдүн жээк тилкесинин абалынын өзгөрүшүнө алып келген жер тилкелеринин аянтын жана көлөмүн аныктоо максатында маркшейдерлик өлчөөлөр жүргүзүлүүдө;
- Сууну коргоо зонасында жана суу объектисинин аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча тиешелүү иш кагаздары талап кылынды.

Белгилей кетсек, учурда курулуш компаниялары талап кылынган документтерди көрсөтүлө элек.