2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өткөн Климаттык жактан аялуу өлкөлөр форумунун (Climate Vulnerable Forum, CVF) лидерлеринин төртүнчү жыйынына катышты.
24-сентябрь 2026, 17:04
Өз сөзүндө министр климаттык жактан аялуу өлкөлөр үчүн жеткиликтүү, алдын ала болжолдонгон жана узак мөөнөттүү климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи.
Акыл Токтобаев Кыргызстан климатка туруктуу өнүгүү үчүн улуттук негиздерди ырааттуу калыптандырып жатканын белгилеп, алардын катарында Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (ОНУВ) 3.0 версиясын, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү концепциясын, 2026–2030-жылдарга Климаттык инвестициялык программаны жана Жашыл таксономияны атады.
Өзгөчө көңүл Vulnerability to Viability Compact (V2V Compact) демилгесине бурулуп, Кыргызстан аны саясий милдеттенмелерден климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн практикалык механизмдерине өтүүдө маанилүү инструмент катары карай турганын белгиледи.