2026-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин эмгек жамаатына Кыргыз Геологиялык кызматынын жаңы директору Турсуниязов Амантур Токтобаевич тааныштырылды.

Чүй өрөөнү
2026-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин эмгек жамаатына Кыргыз Геологиялык кызматынын жаңы директору Турсуниязов Амантур Токтобаевич тааныштырылды.
Жамаатка жаңы жетекчини Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн сектор башчысы У.У. Нургазиев тааныштырды. 


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Токтобаев А, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Б.Дүйшөк уулу, министрдин орун басарлары А. Раимкулова жана А. Мусаев, ошондой эле министрликтин жамааты катышты.


"Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18 — беренесине ылайык Турсуниязов Амантур Токтобаевич Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министринин орун басары-Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Кыргыз Геологиялык кызматынын директору болуп дайындалды.