«25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге»
02-апрель 2026, 10:55
Чүй өрөөнү
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жетинчи жыйыны
2-апрелде №1 Мамлекеттик резиденцияда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооп берген министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын эки күндүк отуруму башталды.
Жыйынды ачып жатып, министрдин биринчи орун басары Ж. Сейдалиев бул жолугушуу өзгөчө маанилүү мезгилде — Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы, «25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураан алдында өтүп жатканын баса белгиледи. Бул ураан мүчө мамлекеттердин жалпы умтулууларын толук чагылдырат.
Ал ШКУнун алкагында үзгүлтүксүз жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын жалпылыгын, ошондой эле ачык диалогду өнүктүрүүгө жана актуалдуу багыттар боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууга болгон кызыгуусун тастыктай турганын белгиледи.
Айрыкча, ден соолукка пайдалуу экология жана жагымдуу айлана-чөйрө мамлекеттердин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн эң маанилүү негизи болуп саналары, калктын ден соолугун сактоого жана жалпы жыргалчылыктын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан, Кытай Эл Республикасынан эксперттер келишти. Ислам Республикасынын Пакистанынан Кыргыз Республикасындагы элчиликтин өкүлдөрү катышууда, Ислам Республикасынын Иран өлкөсүнөн да Кыргыз Республикасындагы элчиликтин өкүлдөрү катышууда. Тажикстан Республикасынын өкүлдөрү, ошондой эле Индия онлайн форматта катышууда.