Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун Жумгал районунда жапайы жаныбарды мыйзамсыз багуу фактысы боюнча маалыматты текшеришти.
02-сентябрь 2026, 10:07
Нарын өрөөнү
Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү тургун тарабынан жапайы эликтин чаарчыгы мыйзамсыз багылып жаткандыгы аныкталды. Чаарчыктын ден соолугунун абалын аныктоо максатында ветеринардык адис чакыртылып, тиешелүү кароо жүргүзүлдү. Ветеринардык кароонун жыйынтыгында жаныбардын жалпы абалы орточо деп бааланып, жугуштуу оорулардын белгилери аныкталган эмес.
Жапайы жаныбардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аны тиешелүү шартта убактылуу кармоо максатында чаарчык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна жеткирилип, убактылуу багууга өткөрүлүп берилди.