2025-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине (ЖРЭТКМ) атайын техника өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
27-сентябрь 2025, 12:39
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев Адылбек Алешович, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович жана министрдин биринчи орун басары Джусупбеков Болот Джаныбекович катышты.
Техниканы өткөрүп берүү министрликтин материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында жүргүзүлүүдө. Техниканы сатып алуу ЖРЭТКМнин өз каржылык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылды.
Автотранспорт паркын жаңылоо жана техникалык базабызды чыңдоо максатында жалпысынан 39 даана жаңы унаа жана атайын техника каражаттары алынып, кызматкерлерге тапшырылды.
Анын ичинен техникалар төмөнкүлөрдү камтыйт:
Жеңил унаалар — 12 даана (Нива Ледженд);
Daewoo Labo — 4 даана;
JAC — 13 даана;
Катерлер — 4 даана.
Шевролет Трекер – 2 даана.
Шевроле Лабо – 4 даана.
Бул иш-чара ЖРЭТКМнин айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарды колдонуу жана техникалык көзөмөл жаатында ишмердүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бүгүнкү күндө экологиялык маселелер улуттук жана дүйнөлүк күн тартибинде маанилүү орунду ээлейт. Таза аба, суу, токойлор жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо — келечектин темасы эмес, биздин бүгүнкү жашообуздун жана коопсуздугубуздун маселеси. Ошондуктан мамлекет бул багытка өзгөчө көңүл бурат.
Алынган техника төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
Эң жеткиликтүү эмес аймактарда кызматкерлердин мобилдүүлүгүн жогорулатууга;
Браконьерлик жана жаратылыш ресурстарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларына ыкчам жооп кайтарууга;
Айлана-чөйрөнүн абалын, анын ичинде сууга чөккөн аймактар менен корголуучу аймактарды мониторингдөөнү күчөтүүгө;
Инспекторлордун иш сапатын жакшыртып, аны эффективдүү жана заманбап кылууга жакшы шарттар түзүлөт.