2026-жылдын 28-июлунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо жана абанын булганышын алдын алуу боюнча Бишкек шаарында рейддик иш-чара өткөрүштү

Чүй өрөөнү

2026-жылдын 28-июлунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо жана абанын булганышын алдын алуу боюнча Бишкек шаарында рейддик иш-чара өткөрүштү.

Иш чаранын жүрүшүндө «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык талаптарды одоно бузган жарандарга карата 3 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Рейддин негизги максаты — жарандардын экологиялык мыйзамдарды сактоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу, укук бузуулардын алдын алуу жана айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген аракеттерге жол бербөө болду. Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга колдонуудагы мыйзамдардын талаптары түшүндүрүлүп, укук бузууларды болтурбоо боюнча эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.