Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

18-апрелде Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте канаты жараланган Балабан канаттуусун  кармашты.

Канаттуу "Бугу Эне" реабилитациялык борборуна которулат.

Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекстин 262-беренесине ылайык, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган.


Жарандарды флора жана фаунага зыян келтирүүчү мыйзамсыз иштерге барбоону суранабыз.