Экологиялык техникалык козомол кызматынын аймактардагы ишмердиги
30-январь 2024, 11:05
Ысык-Көл өрөөнү
2023-жылдын 24-январынан 30-январына Ысык-Кол облусунда биздин кызматтын инспекторлору жана жол кыймылын көзөмөлдөө (МАИ) кызматы менен биргеликте рейд жургузулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө авто унаалардан зыяндуу заттардын камтылышын, абага белгиленген ченемден ашканын аныктоодо, кичи автобустар, оор жүк ташуучу унаалар жана жеңил унаалардын түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү аспап менен текшерилип. Анын жүрүшүндө абага белгиленген ченемден ашып кеткен 6 мыйзам бузуу аныкталып, 45 000 сомго айып салынды.
Кызмат айдоочуларды абадан чыккан газдардын курамында ашыкча зыяндуу заттары бар транспорт каражаттарын оңдоп айдоого чакырат. Аталган мыйзамсыз көрүнүштөр катталган учурда Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнундө Кодексинин 234-беренесине ылайык транспорт каражаттары тарабынан атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун ченеминен ашкан учурда жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом айып салынаарын эскертет.
Мындан тышкары, ошол эле кызматтын инспекторлору тарабынан браконьерликке, бак-дарактарды жана токой көчөттөрүн мыйзамсыз кыюуга, ошондой эле экология жаатындагы башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча рейдттер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Анын жүрүшүндө 24-январында Тон районунун Көк -Мойнок айыл аймагынын Шыргый участкасында, Балыкчы шаарынын тургуну тиешелүү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен токой пайдалануу эрежесин бузуп жаткан жаранга карата Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексине ылайык 5500 сомдук айып салынды.
Ошондой эле Бишкек-Балыкчы авто унаа жолунун Береке участкасында Балыкчы шаарынын тургуну тарабынан 1 даана кекилик жаныбарын тиешелүү документтери жок атып алгандыгы аныкталып. Эреже бузган жаранга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө" Кодексине ылайык 10 000 миң сом айып жана жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн 2 000 салынды.
Ысык-Көл акваториясында балык корун коргоо жана сактоо, браконьерликке каршы иш-аракеттерди жүргүзүүдө мыйзамсыз салынган 8 даана башкача айтканда 800 метр синтетикалык торлор Ысык-Көл акваториясынын Тору-Айгыр, Чырпыкты, Кара-Талаа, Барскоон участкаларынан алынып, жараксыз абалга келтирүү менен таштанды таштоочу жайга ташталды.