Рейдттик иш-чаралар

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министирлигинин тапшырмасынын негизинде  министрликтин биоресурстар башкармалыгынын жетекчилигинин астында жана Ысык-Кɵл  регионалдык башкармалыгынын катышуусунда  жана туристтик мезгилде, Ысык-Көлдүн жээгинде экономикалык пайда көрүү максатында жарым-жартылай эркин шартта кармалган жырткыч куштарды аныктоо боюнча (шумкарлар, бүркүттөр,) кезектеги рейддик иш-чара жүргүзүлдү. 


Жыйынтыгында куштарды мыйзамсыз асыроо фактысы аныкталып,  тиешелүү  иш кагаздары  түзүлдү жана укук коргоо органдарынын кароосуна ɵткɵрүп берүү боюнча регионалдык бакшармалыка милдеттендирилди. Ал эми жашы жете элек балдар боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргыз Республикасынын билим берүү жана  илим министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү иш-чараларды ɵткɵрүү боюнча каттар жиберилип бул багытта иштер улантылат. Жеринен жашы жете элек балдарга жана ата-энелерине  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Белгилей кетчү жагдай жырткыч куштарды мыйзамсыз сатып алуу жана кармоо фактылары аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте токтоосуз чаралар көрүлөт.