Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору 2024-жылдын 13-ноябрында Чолпон-Ата шаарынын таштанды полигонунда чыккан өрт боюнча тез арада кароо иштерин жүргүзүштү
15-ноябрь 2024, 17:22

Өрттүн жагдайы жана аныкталган фактылар:
• Өрт таштанды полигонунун таштандылар төгүлгөн аймагында чыккан.
• Өрттүн аянты болжол менен 30 чарчы метрди түзгөн.
Көрүлгөн чаралар:
• Таштанды полигонун башкаруудагы эрежелердин бузулгандыгы үчүн КР УБжКнын 230-беренесине ылайык, административдик протокол түзүлдү.
• Чолпон-Ата шаардык мэриясына караштуу «Тазалык Чолпон-Ата» муниципалдык ишканасына 28000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Өрттү өчүрүү иштери:
• Өрт Чолпон-Ата шаардык өрт өчүрүү кызматынын күчү менен 1 сааттын ичинде толук өчүрүлдү.
Бул окуя таштанды полигондорунда экологиялык жана өрт коопсуздук эрежелерин катуу сактоонун зарылдыгын дагы бир жолу эске салат. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү уюмдардын ишин күчөтүү жана системалуу мониторинг жүргүзүү талап кылынат.