2026-жылдын 30-сентябрында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жалпы сыйымдуулугу 35 тоннаны түзгөн дизелдик отун ташыган автоцистерна катышкан жол-транспорт кырсыгы катталган.

Чүй өрөөнү
2026-жылдын 30-сентябрында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында жалпы сыйымдуулугу 35 тоннаны түзгөн дизелдик отун ташыган автоцистерна катышкан жол-транспорт кырсыгы катталган.

Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен дизелдик отун төгүлүп, анын натыйжасында жер тилкеси мунайзат продуктулары менен булганып, жер кыртышына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилген.

Мындан тышкары, дизелдик отундун төгүлүшүнүн кесепетинен анын бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин мунайзат продуктулары менен булганышына алып келген.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу юридикалык тарап аныкталды.

Айлана-чөйрөнүн булганышынын мүнөзүн жана деңгээлин аныктоо максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери тарабынан булганган жерлерден топурактын жана суунун үлгүлөрү алынып, тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

Изилдөөлөрдүн жана лабораториялык анализдердин жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү укуктук баа берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер болгон учурда жооптуу тарапка карата административдик укук бузуулар жөнүндө тиешелүү протоколдор түзүлөт.

Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жер тилкесинин бузулушуна жана Кара-Балта дарыясынын булганышына байланыштуу келтирилген зыяндын өлчөмү мыйзамдарда белгиленген тартипте эсептелип, аны өндүрүү боюнча талаптар коюлат. Зарыл болгон учурда келтирилген зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз менен кайрылуу чаралары көрүлөт.

Айлана-чөйрөгө келтирилген экологиялык зыяндын өлчөмү лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, булганган жер тилкесинин аянтын, суу объектисинин булгануу деңгээлин, айлана-чөйрөгө иш жүзүндө төгүлгөн дизелдик отундун көлөмүн жана окуяга байланыштуу аныкталган башка жагдайларды эске алуу менен аныкталат.