2026-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов иш сапары менен келди.

Чүй өрөөнү
2026-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов иш сапары менен келди.
Анын алкагында  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан "Ала-Арча" жаратылыш паркына сапар уюштурулуп, сыйлуу конокко өлкөбүздүн уникалдуу жаратылышы жакындан тааныштырылды.


Сапардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш экосистемаларын коргоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын тоолуу экосистемаларынын маанисине бурулду. Алар өлкөнүн жаратылыш мурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын түрлөрүн сактоо маселелери талкууланды.

Сапардын уюштурулушу меймандарга расмий эмес шартта Кыргызстандын жаратылыш байлыгын көрсөтүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилөөгө мүмкүнчүлүк берди.