Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Жалал-Абад өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Жалал-Абад областынын аймагында, атмосфералык абанын булганышын алдын алуу максатында, Сузак райондук билим берүү бѳлүмү менен макулдашып түзүлгѳн иш пландын негизинде, Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, “Атмосфералык абаны коргоо” темасында, Сузак районундагы №49 жалпы билим берүү мектебинде, экологиялык агартуу иштерин жүргүзүштү. 

Ошондой эле, ыкчам иш чараларды жүргүзүү учурунда, Сузак районунунда жашаган 1 жаранга,  Сузак районуна караштуу Кумуш-Азиз айылындагы жолдун четиндеги автоунаа оңдоочу жайдын алдында, бак-дарактардын жана  өсүмдүктөрдүн калдыктарын өрттөгөндүгү аныкталып, “Укук бузуулар” Кодексинин   253-беренесинин негизинде 5500 сом айып салынды.