Жарандардын кайрылуулары ыкчам каралат
18-апрель 2024, 16:02
Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Федоровка айылынын тургуну шаардын дарыясынын жанында жайгашкан таштанды таштоочу жайды видеого тартып алган.
Видео материалда ал айыл тургундары 1000 сом айып пул салынган жазуунун илингенине карабай, тыюу салынган жерге мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай уюштурушканына нааразы. Видеодо эс алып келген тургундар таштанды таштап, артынан жыйнабай кеткендери айтылат.
Алсак, Кыргыз Республикасынын экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору аталган аймакты жыйноо жана тазалоо боюнча эбегейсиз чоң иштерди жүргүзүштү .
Көчөңүздүн, айылыңыздын, шаарыңыздын жана бүтүндөй өлкөнүн тазалыгына жана тартибине жарандардан жоопкерчиликти күчөтүүнү суранабыз.