2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын Москва району боюнча кызматкерлери тарабынан түнкү саат 01:30 чамасында Сокулук районунун Белогорка капчыгайында рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
05-март 2026, 14:03
Чүй өрөөнү
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жаран автоунаасы менен кармалып, текшерүүгө алынды. Текшерүү учурунда 1 даана сайлуу ок атуучу курал табылып, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталды.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин негизинде мыйзамсыз аңчылык кылууга шектелген жаранга карата административдик протокол түзүлүп, 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.