2026-жылдын 5-июлунда Instagram социалдык тармагында «Бул Бангладеш эмес – бул Бишкек» аталышы менен жарыяланган видеодо көрсөтүлгөн факты боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан ыкчам чаралар көрүлдү

Чүй өрөөнү

2026-жылдын 5-июлунда Instagram социалдык тармагында «Бул Бангладеш эмес – бул Бишкек» аталышы менен жарыяланган видеодо көрсөтүлгөн факты боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан ыкчам чаралар көрүлдү.

Маалымат жарыялангандан кийин дароо тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүү уюштурулуп, Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары көрсөтүлгөн аймакта тазалоо иштерин баштады. Бекитилген планга ылайык, санитардык тазалоо иштери толугу менен аяктады.

Ошондой эле аталган мыйзам бузууга жол берилген жагдайлардын себептерин аныктоо, күнөөлүү адамдарды тактоо жана алардын аракеттерине мыйзам талаптарына ылайык укуктук баа берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, таштандыларды уруксат берилбеген жайларга таштоо жана айлана-чөйрөнү булгоо фактылары үчүн 23 миң сомго чейин административдик айып пул каралган.