Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
19-апрель 2024, 16:18
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, 2024-жылдын 06-мартындагы №02-384/Сл сандуу тапшырмасын аткаруу жана Чүй облусунун аймагындагы атмосфералык абаны коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана ыш маселесин алдын алуу максатында 2024-жылдын 19-апрелинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын алдында түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Отурумда бекитилген атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык түзүлгөн коммиссиянын иш-чаралар планы талкууланып, Чүй облусунун аймагындагы абанын булганышынын негизги себептерин аныктоо, абанын сапатын жакшыртуу жана ыш маселесин алдын алуу боюнча кошумча пункттар киргизүү сунушталды.