ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча министрлеринин 6-жыйыны Тяньцзинь шаарында өттү

Чүй өрөөнү
ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча министрлеринин 6-жыйыны Тяньцзинь шаарында өттү

2025-жылдын 3-июлунда Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында Кытай тараптын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоого жооптуу министрликтери жана мекемелеринин жетекчилеринин 6-жыйыны болуп өттү.

Жыйын «ШКУга мүчө мамлекеттердин "жашыл", туруктуу жана аз көмүртектүү өнүгүү боюнча кызматташуусу» темасында өттү. Талкуулардын жүрүшүндө делегациялардын башчылары туруктуу жана аз көмүртек бөлүп чыгарган өнүгүүнү илгерилетүү боюнча кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголуусу жана айлана-чөйрөнүн булганышы сыяктуу жалпы экологиялык чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын атынан жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары М. Аманкулов катышууда.

Жыйынтындысында Орто келишимдүү билдирүү кабыл алынып, ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыгын бекемдөө боюнча Инициатива кабыл алынды. Бул документ уюмдун алкагында экологиялык багыттагы практикалык кызматташууну күчөтүүгө багытталган.