Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы Атбашы айыл өкмөтүнө ЭТКК ЧРБ 2024 жылдын 10-январындагы 18-13/3 буйругунун негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Пландык текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Жол айылынын 241-контурундагы 320 чарчы метр аянттагы жайыт жерлердин саркынды суулары менен булгануу фактысы аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 239-беренесине ылайык укук бузуу боюнча протокол түзүлүп 13000 сом өлчөмүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылды жана 80000 сом өлчөмүндө келтирилген зыян коюлду. Ошондой эле аныкталган укук бузууларды четтетүү жөнүндө көрсөтмө берилди.