2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин (ИТК) экология секциясынын отуруму болуп өттү

Чүй өрөөнү
2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин (ИТК) экология секциясынын отуруму болуп өттү

2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин (ИТК) экология секциясынын отуруму болуп өттү. 

ИТКнын курамына республиканын илимий чөйрөлөрүнүн, профилдик ведомствонун жогорку квалификациялуу адистери жана экология тармагындагы эксперттер кирди. 

 Кеңеш жаратылышты коргоо министрлигинин консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат жана илимий изилдөөлөр жаатындагы сунуштарды иштеп чыгуу, дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин жана жаратылышты коргоо министрлигинин ишине алдыңкы тажрыйбаны киргизүү максатында түзүлгөн.

Отурумдун күн тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган илимий долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн сунушталган, автомобиль транспортунун климаттын өзгөрүшүнө жана экосистемага тийгизген терс таасирин изилдөөгө тиешелүү илимий-изилдөө иштеринин темаларынын актуалдуулугу маселелери каралды