Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан, Экологиялык жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын, 2023-жылдын 15-сентябрындагы №85-ОД сандуу буйругунун негизинде, ѳсүмдүктѳр дүйнѳсүн коргоо жана аларга зыян келтирүүлѳрдү алдын алуу боюнча, иш-чаралар (рейдтер) жүргүзүлүп, тѳмѳндѳгү мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылында, мыйзамсыз бак-дарактар кыйылып жаткандыгы тууралуу келип түшкөн маалымат боюнча, башкармалыктын инспекторлору тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп,  Чек айылында өсүп турган диаметрлери 8-69 см чейинки бака-терек, мырза терек, кайрагач жалпысы 64 түп дарактарды, массалык түрдө өсүүсү токтогон деңгээлге чейин мыйзамсыз кыйып кеткендиги аныкталды. Жыйынтыгында, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген 82903 сом 74 тыйын зыян эсептелип, доо коюлду. Азыркы учурда эсептелген зыянды мамлекетке өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.