9-апрель 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде эл аралык жаратылышты коргоо долбоорлорунун мониторинги жана ишке ашырылышы боюнча Координациялык топтун биринчи отуруму болуп өттү

Чүй өрөөнү

9-апрель 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде эл аралык жаратылышты коргоо долбоорлорунун мониторинги жана ишке ашырылышы боюнча Координациялык топтун биринчи отуруму болуп өттү. 

Бул отурумдун жүрүшүндө Координациялык топтун мүчөлөрү министрдин биринчи орун басары К.У. Касейинов жана министрдин орун басары А. К. Раимкулова, ошондой эле Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү негизги жетишкендиктер жана көйгөйлүү маселелерди камтыган аракеттеги эл аралык долбоорлордун координаторлорунун отчетторун угушту. 

Бүгүнкү күндө министрлик Дүйнөлүк банк, БУУӨП, ФАО, GIZ,, БУУ ДАП жана башкалар менен биргеликте биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ӨКЖА тармагын кеңейтүү, өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү  сыяктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. 

Ишке ашырылып жаткан Координациялык топ долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Министрликтин буйругу менен түзүлгөн.