2026-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Чүй өрөөнү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Германиянын Экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлиги тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар» аймактык долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Долбоор Тажикстанды, Өзбекстанды жана Кыргыз Республикасын камтыйт. Кыргызстан тараптан негизги өнөктөш болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги саналат.

Долбоордун негизги максаты — эл аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, жашыл шаарларды өнүктүрүү жаатында алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу, ошондой эле институционалдык потенциалды жогорулатуу жана шаарлардын туруктуу өнүгүүсү үчүн мастер-пландарды даярдоо болуп саналат. Инициативанын алкагында катышуучу өлкөлөрдүн шаарларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, климаттык чечимдерди иштеп чыгуу жана экологиялык процесстерди башкарууда заманбап ыкмаларды киргизүү боюнча иш-чаралар каралган.

Тараптар «Жашыл шаарлар» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз шаардык чөйрөнү калыптандырууга багытталган конкреттүү практикалык иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.