Бишкектеги З. Гареева атындагы ботаникалык бакчанын администрациясы айыпка жыгылды
09-октябрь 2026, 10:33
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарындагы З. Гареева атындагы ботаникалык бакчанын аймагында экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын белгиленген эмес жерге үйүлүп, аймактын санитардык жана экологиялык абалына терс таасирин тийгизген факт катталды.
Аныкталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, ботаникалык бакчанын администрациясына 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле аймакты талапка ылайык тазалоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертме берилди.