Ысык-Ата районундагы айыл өкмөтүнө таштанды полигонундагы өрт боюнча 71 миң сом айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Ысык-Ата районундагы айыл өкмөтүнө таштанды полигонундагы өрт боюнча 71 миң сом айып пул салынды

Ысык-Ата районундагы айыл өкмөтүнө таштанды полигонундагы өрт боюнча 71 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын жанындагы таштанды полигонунда чыккан өрт фактысы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө таштанды полигонундагы эрежелердин сакталбашы аныкталып, тиешелүү үч протокол түзүлдү. Анын негизинде Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Кең-Булуң айыл өкмөтүнө жалпы суммасы 71 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Полигондогу өрттү өчүрүү иштери Кең-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу «Мурас» муниципалдык ишканасы жана өрт өчүрүү кызматы тарабынан жүргүзүлдү.

Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо, таштандыларды башкаруу эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу жана экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу багытындагы көзөмөл иштерин улантат.