Ак-Түз: Кутессай-II жана Калесай
28-август 2025, 16:42
Биздин жаңы «Кыргызстандын кендери» рубрикабызда жума сайын өлкөбүздөгү кендер тууралуу кызыктуу фактыларды, алардын потенциалы жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн айтып беребиз. Бүгүн сөз Ак-Түздө жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендери тууралуу болот.
Жакында бул жерде ири көлөмдөгү геологиялык чалгындоо иштери башталды. Анын максаты — Кыргызстандын минералдык-сырьё базасын кеңейтүү, сейрек кездешүүчү жер элементтеринин жана башка маанилүү пайдалуу кендердин запастарын тактоо, ошондой эле аларды келечекте натыйжалуу өздөштүрүүнү камсыз кылуу.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы №5 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын динамикалык өнүгүшү үчүн полиметалдар менен сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында жүргүзүлүүдө.
📌 Кен тууралуу кызыктуу фактылар:
* Кутессай-II кенинде мамлекеттик баланс боюнча 63 миң тонна сейрек кездешүүчү жер элементтери катталган.
* Геологиялык чалгындоо иштери 2–3 жылга созулат. Алардын жыйынтыгы боюнча байытуучу фабрика куруу, руда иштетүү жана жерлерди рекультивациялоо боюнча долбоорлор иштелип чыгат.
* Кызыл-Омпол аймагында, анын ичинде Таш-Булак участогунда титан-магнетит, циркон жана фосфор запастары табылды. Бул өлкөнүн өнөр жайлык жана экспорттук потенциалын кеңейтүүгө шарт түзөт.
Кен казуу тармагы Кыргызстан бюджетинин негизги булактарынын бири бойдон калууда. 2025-жылдын алгачкы алты айында эле бюджетке 30 миллиард сомдон ашык каражат түшүп, 17 тонна алтын, 15 тонна күмүш жана башка пайдалуу кендер өндүрүлгөн.