Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишин активдештирүү

Жалал-Абад өрөөнү
Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын ишин активдештирүү

Жаратылыш ресурстары министрлиги рейддик иш-чаралардын алкагында бүтүндөй республика боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча ишин күчөтүүдө.

Алсак, техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Жалал-Абад, Чүй жана Талас облустарында ири рейддер жүргүзүлүп, мыйзамсыз форель балык уулоо фактылары аныкталып, 10 миң сомдук протокол түзүлүп, 15 миң сомдук доо коюлган.

Мындан тышкары мыйзамсыз аңчылык кылуу фактылары аныкталып, аларга 2 протокол түзүлүп, 12500, андан соң Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылында токой чарба инспекторлору жана айыл өкүлдөрү менен биргеликте ɵкмɵтү, тамырынын диаметри 8 смден 24 смге чейинки 248 түп долоно дарактары мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды.

Мамлекетке келтирилген зыян 179 284,92 (жүз жетимиш тогуз миң эки жүз сексен төрт) сомду түзгөн.

Бул иш айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды күчөтүүнүн алкагында улантылат.