Бишкек шаары жана Чуй облусунда жаңы конуштарды-газдаштыруу иштери активдештирилди

Чүй өрөөнү
Бишкек шаары жана Чуй облусунда жаңы конуштарды-газдаштыруу иштери активдештирилди

Бүгүн Жаратылыш ресурстары министрлиги, ОсОО «Газпром Кыргызстан», ОАО "Элдик Банк", ОАО "Айыл Банк" – биргеликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун абасынын сапатын жакшыртуу – жаңы конуштарды газдаштыруу- аталышында “Кабар”маалымат агенттигинде маалымат жыйын өткөрүлдү. Анда ар бир мекеменин өкүлү өз тармагы боюнча маалымат беришип, суроолорго жооп беришти. 

            Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинен Н.Ташыбек уулу- Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булактары жана алардын булгаган өлчөмү тууралу:

- турак жайларды көмүр менен жылытуу — 29%;

- транспорт — 27%, 

- шамал ташыган чаң — 21%.

- ЖЭБ (ТЭЦ) жаккан от казандар (котельные) – 11%;

- шаардын чаңы – 9%;

- өнөр-жай объектилери – 2%;

- таштанды өрттөө – 1%;        

Ошондой эле, Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча 52 жаңы конуштары газдаштырылып, Бишкек шаарында 25 883 абонентинин 19 346 (74,7 %) үйдүн от казаны газга туташтырылды, Чүйдө 9 570 абонент газдаштырылды. Конуштарды газдаштыруу көмүр отунуна болгон керектөөнү ороточо эсеп менен 58 миң тоннага азайганын айтты. 

Өз сөзүндө учурда Бишкек шаарына 1000 ашуун автобус алынып келинген. Алардын ар бири 4 дизелдик кичи автобусту (бусик) алмаштырып, суткасына 200 тн дизелди күйгүзүү чектелди.         2024-жылдын 7-айында 100 чарба субъектилерине атмосфералык абанын булганышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык, атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандык үчүн 67 протокол 1 498 000 сом административдик айып салынды. 892 чарбакер субъекттерге атмосфералык абаны коргоо ченемдеринин сакталышы жөнүндө билдирүү берилди. 

Министрлик тараптан, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен рейддик иш-чаралар планы түзүлүп, бекитилди. 59 иш-чара жүргүзүлүп 1020 автоунаа текшерилди. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренеси боюнча "бөлүп чыгарууда булгоочу заттар нормадан ашкан автомототранспорттук жана башка кыймылдуу каражаттарды пайдалануу" боюнча 35 протокол түзүлгөн жана 262 000 сом суммасында айып салынган.