Соң-Көлдө 5 чакырымдан ашык мыйзамсыз тор тазаланды
22-июнь 2026, 10:21
Соң-Көлдө 5 чакырымдан ашык мыйзамсыз тор тазаланды
2026-жылдын 20–21-июнь күндөрү Соң-Көлдө жаратылышты коргоо багытындагы кезектеги рейд өткөрүлдү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери катышты.
Рейд учурунда көлдүн акваториясынан мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, ошондой эле сууда калып кеткен эски торлор тазаланды. Жалпы эсеп менен 5 300 метрден ашык тор суудан чыгарылды.
Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №172 Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүп, Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо жана балык ресурстарын коргоо максатын көздөйт.
Соң-Көл — жалпыбыздын байлыгыбыз. Табиятка кайдыгер карабоо, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө — ар бир жарандын милдети. Жаратылышты коргоо боюнча рейддер Экотехкөзөл тарабынан мындан ары да үзгүлтүксүз уланат.