Акыл Токтобаев ЭЭТ-2026 саммитинде: «Тоо күн тартиби — аймактык коопсуздуктун пайдубалы»

Чүй өрөөнү
Акыл Токтобаев ЭЭТ-2026 саммитинде: «Тоо күн тартиби — аймактык коопсуздуктун пайдубалы»
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммиттин алкагындагы «Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: аялуулуктан туруктуу өнүгүүгө карай»  аттуу жогорку деңгээлдеги негизги сессияда сүйлөдү.


Катышуучуларга кайрылып жатып, Министр Кыргызстан үчүн бийик тоолуу мамлекет катары климаттын өзгөрүшү абстракттуу тема эмес, калктын бакубаттуулугуна жана бүтүндөй Борбор Азиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү реалдуу көйгөй экенин баса белгиледи. Ал бүгүнкү күндө аймак маанилүү чекке — декларациялардан практикалык инвестицияларга жана реалдуу жыйынтыктарга өтүү мезгилине келгенин белгиледи.


Өз сөзүндө Акыл Токтобаев аймактын «суу мунаралары» болгон мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын коргоого өзгөчө көңүл бурду. Министр кесиптештерин биргелешкен эксперттик жумушчу топторду түзүүгө жана климаттык чакырыктарды өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө айланта турган масштабдуу аймактык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.  Баяндаманын өзөктүү бөлүгү  катары делегацияларды 2027-жылы өтө турган *«Бишкек+25» экинчи Глобалдык тоо саммитине  жигердүү катышууга чакыруусу болду.


Министр Акыл Токтобаев өз сөзүндө:
«Биз үчүн тоо экосистемаларын коргоо — бул улуттук гана эмес, аймактык коопсуздук маселеси, анткени тоолордун туруктуулугу бүтүндөй Борбор Азия мейкиндигинин бакубаттуулугу менен түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күндө биздин аймактын климаттык лидерлиги практикалык келишимдерде жана макулдашылган мамилелерде чагылдырылышы керек. Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана биздин биргелешкен демилгелерибиз Борбор Азиянын үнү КС31 саммитине карай жолдо ишенимдүү, мазмундуу жана ырааттуу угулушу үчүн бекем негиз болоруна ишенем».


Маалымат үчүн: «Тоолор жана климаттын өзгөрүшү» сессиясы Астанадагы саммиттин борбордук аянтчаларынын бири болуп, аймактын бирдиктүү климаттык позициясын калыптандыруу үчүн Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын делегацияларын бириктирди.


#РЭС2026 #АкылТоктобаев #МинприродыКР #Кыргызстан #ТооКүнТартиби #Бишкек25 #Климат #Астана #КС31 #Мөңгүлөр