Акыл Токтобаев «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркындагы жаратылышты коргоо иштеринин абалы менен таанышты
04-ноябрь 2026, 09:32
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына барды.
Сапардын жүрүшүндө министр парктын эмгек жамааты менен жолугушуп, жаратылыш аймактарын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын популяциясын көбөйтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду.
Белгилей кетсек, «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркы 1996-жылы уюшулган. Парктын жалпы аянты 12 802 гектарды түзөт. Анын аймагында арча, карагай, ак карагай, кайың, жапалак арча, Талас тереги жана өсүмдүктөрдүн башка түрлөрү кездешет.
Ошондой эле паркта аюу, ак илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, коён, марал, тоо теке, улар, чил жана башка жапайы жаныбарлар байырлайт. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөр да бар.
Белгилей кетсек, буга чейин министр Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас токой чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышкан.