Акыл Токтобаев СОР31 алкагында эл аралык каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү

Чүй өрөөнү
Акыл Токтобаев СОР31 алкагында эл аралык каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында, Түркия Республикасынын Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев эл аралык каржы институттарынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын негизги максаты кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн климаттык каржылоону тартуу болду.

Climate Investment Funds (CIF) менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү

COP31 алкагында министр Акыл Токтобаев Climate Investment Funds (CIF) фондунун аткаруучу директору Тарие Гбадегесин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстандын климаттык демилгелерин мындан ары колдоо, инвестициялык ресурстарды тартуу, ошондой эле тоо экосистемаларынын жана социалдык-экономикалык тармактардын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап CIF менен кызматташтыкты чыңдоого жана өлкөнүн улуттук климаттык артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Адаптациялоо фонду менен кызматташуу

Ошондой эле COP31 алкагында министр Акыл Токтобаев Адаптациялоо фондунун жетекчиси Микко Олликайнен (Mikko Ollikainen) менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасында адаптациялык долбоорлорду колдоо, Адаптациялоо фондунун ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана климаттык адаптация жаатындагы улуттук потенциалды чыңдоо маселелери талкууланды.

Адаптациялоо фондунун ыйгарым укуктуу улуттук органы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул демилгени толук колдой турганын ырастап, «АЛА-ТОО» долбоору боюнча өтүнмөнү мындан ары даярдоого жана кароого кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, «Элдик Банк» ААКсын Адаптациялоо фондунун ресурстарына түз жетүүчү улуттук институт (NIE) катары аккредитациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр улуттук каржы институтунун аккредитациядан өтүшү өлкөнүн потенциалын чыңдоодо жана Кыргызстандын эл аралык климаттык каржылоого түз жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү кадам болорун белгиледи. Бул келечекте суу ресурстарын туруктуу пайдалануу, айыл чарбасы жана айыл аймактарын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу багытындагы улуттук долбоорлорду ишке ашырууга гранттык каражаттарды тартууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз тарап «Элдик Банк» ААКсын аккредитациялоо процессин толук колдой турганын билдирип, анын ийгиликтүү аяктаарына ишеним артты.

Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыкты кеңейтүү

COP31 алкагында министр Акыл Токтобаев Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча Климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү департаментинин (CCSD) башкы директору менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги темасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда стратегиялык мааниге ээ болгон «Мөңгүлөрдөн талааларга чейин» (From Glaciers to Farms — G2F) аймактык программасы болду.

Кыргыз тарап программанын алкагында баштапкы артыкчылыктуу долбоорлор портфелин камтыган улуттук инвестициялык пакетти биргелешип түзүүнү сунуштады.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы үчүн каржылоонун мүмкүн болгон көлөмүн аныктоо, гранттык жана жеңилдетилген каржылоо инструменттерин колдонуу, ошондой эле айыл чарбасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуунун негизги багыттарынын бири катары ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо маселелери белгиленди.

COP31 аянтчасындагы иштер эл аралык каржылоону тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, Кыргызстандын климаттык туруктуулугун чыңдоого, тоо экосистемаларын сактоого жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.