Акыл Токтобаев Астанада Кыргызстандын Жашыл климаттык фондтун (ЖКФ) ресурстарына түз жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселесин талкуулады.
23-апрель 2026, 18:05
Чүй өрөөнү
Акыл Токтобаев Астанада Кыргызстандын Жашыл климаттык фондтун (ЖКФ) ресурстарына түз жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселесин талкуулады.
Астанадагы Аймактык экологиялык саммитке катышуу учурунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) өнөктөштөрү менен Кыргызстандын климаттык каражаттарга түз жетүү жаатындагы ийгиликтерин талкуулады.
Өлкөдө буга чейин аккредитациядан өткөн эки улуттук уюм бар — АРИС жана «Элдик Банк». Министрлик бул институттар аркылуу улуттук сунуштарга күчтүү колдоо көрсөтүлөт деп ишенет. Ошондой эле эң аярлуу жамааттарды колдоо үчүн мамлекеттик кредиттөө менен гранттык инструменттердин ортосундагы балансты сактоо зарылчылыгы тууралуу маселе козголду.
«Биз долбоордук чечимдер боюнча Фонд тараптан ачык-айкын жана өз убагындагы коммуникацияны күтөбүз — өзгөчө артыкчылыктуу багыттар же мөөнөттөр өзгөргөн учурда. Өлкө үчүн кайсы долбоорлор келечектүү, ал эми кайсылары иштеп чыгууну талап кылаарын алдын ала билүү маанилүү. Бул портфелдин сапатын жогорулатат жана процесстин бардык катышуучуларынын ортосундагы ишенимди бекемдейт. Биз үч принципке: «Процессти улуттук деңгээлде жетектөө, түз жетүү жана институционалдык структураланган коммуникацияны колдоо», - деди Акыл Токтобаев.
Маалымат үчүн: Талкуу биринчи Аймактык экологиялык саммит (АЭС-2026) жана Борбордук Азиянын климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясынын (КӨБАК-2026) алкагында өттү. Астанадагы иш-чаралар Глобалдык климаттык саммитке (КС31) карата региондун күч-аракетин бириктирүү үчүн экология министрлерин жана эл аралык каржы институттарынын башчыларын чогултту.
#РЭС2026 #Астана #МинприродыКР #АкылТоктобаев #ЗКФ #Кыргызстан #КлиматтыкСаясат #ТазаАба