Акыл Токтобаев Астанада: Дүйнөлүк банк менен кызматташуу — аналитикадан инвестициялык чечимдерге чейин

Чүй өрөөнү
Акыл Токтобаев Астанада: Дүйнөлүк банк менен кызматташуу — аналитикадан инвестициялык чечимдерге чейин
Акыл Токтобаев Астанада: Дүйнөлүк банк менен кызматташуу — аналитикадан инвестициялык чечимдерге чейин


Аймактык экологиялык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаевдин Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен маанилүү жолугушуусу өттү. Министр тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн климаттык маселелер экономикалык жана энергетикалык коопсуздук менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.


Негизги басым тобокелдиктерди баалоодон ири долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга өтүүгө жасалды. Тактап айтканда, абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор талкууланды. Бул долбоор мониторинг системасын бекемдөө, жашылдандырууну өнүктүрүү жана жылытуу үчүн таза чечимдерди киргизүүнү камтыйт.


Акыл Токтобаев белгилегендей:
«Биз институттук потенциалды өнүктүрүүдө Дүйнөлүк банктын колдоосун жогору баалайбыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн ири инвестициялык чечимдерди практикалык ишке ашырууга өтүү өзгөчө маанилүү. iFIRST долбоорунун алкагында биз көмүртек каржылоосун тартуу жана эмиссияларды эсепке алуу системаларын өнүктүрүү үчүн финансылык архитектураны иштеп чыгып жатабыз. Биздин максат — ОНУВ 3.0 (Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар) программасын ишке ашырууга жана шаарларыбыздын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү инновациялык финансылык механизмдерди киргизүү».


Маалымат үчүн: Жолугушуу биринчи Аймактык экологиялык саммит (АЭС-2026) жана климаттын өзгөрүүсү боюнча 8-Борбордук Азия конференциясынын (КӨБАК-2026) алкагында өттү. Астанадагы иш-чаралар Борбордук Азия жана түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдөн 1500дөн ашык делегаттын башын бириктирип, глобалдык климаттык саммитке (КС31) карата региондун бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгууну көздөйт.