Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту

Чүй өрөөнү
Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргыз Республикасындагы жана Тажикстан Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту.

Жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтык маселелери, ошондой эле GIZ тарабынан «Жашыл портфель» алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Өзгөчө көңүл GIZдин «Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди башкаруу» аймактык программасына бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга № 1 кошумча документке кол коюшту. Документ аймактагы климаттык демилгелерди мындан ары да колдоону карайт.


Документке ылайык, Германия долбоорду ишке ашырууга 13 млн еврого чейин, ал эми Улуу Британия 8 млн фунт стерлингге чейин каражат бөлөт. Долбоор Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө ишке ашырылып, бөлүнгөн каражаттар аймактагы мамлекеттердин климаттык тобокелдиктерди башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатындагы потенциалын чыңдоого багытталат.