Аймактардагы анти коррупциялык иш-чаралар

Нарын өрөөнү
Аймактардагы анти коррупциялык иш-чаралар

Жаратылыш ресурстары, министрлигинин ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактарында агартуу иш-чаралары күчɵтүлүп, анын ичинде коррупцияга каршы түшүндүрмɵ иштери “Чон -Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын  ошондой эле,  министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын жалпы жамаатына, К.Базарбаев атындагы «Каратал -Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коргунун, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жана «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркынын  министрликтин коррупцияны алдын алуу маселери боюнча ыйгарым укуктуу ɵкүлү Б.Д.Какешов коррупцияны алдын алуу боюнча презентация жана  «Мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу» деген темада семинар-тренинг өткөрдү.

Тренингдин алкагында иш алып баруудагы коррупциялык кандай тобокелчиликтер бар экенин, профилактикалык иш, ɵтɵ маанилүү экени белгиленип, таза жана так иштɵɵ ар бир мамлекеттик кызматкердин милдети экени баса белгиленди. 

Кылмыш жаза мыйзамдарына ылайык коррупция боюнча кандай жазалар каралган жана иш алып баруудагы коррупциялык кандай тобокелчиликтер бар экенин кенен түшүндүрүп,  агартуу  иштери, ɵтɵ маанилүү экени белгиленип, таза жана так иштɵɵ ар бир мамлекеттик кызматкердин милдети экенин баса белгиледи.

Аталган иш-чаралар ɵлкɵнүн бардык региондорунда улантылат.