Аймактардагы анти коррупциялык иш-чаралар.

Ысык-Көл өрөөнү
Аймактардагы  анти коррупциялык иш-чаралар.

2024-жылдын 19-апрелинде Министрликтин  Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Д. Какешов Каракол шаарында министрликке караштуу Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын  Хан-Теңири , Ысык-Көл, Саарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун, министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын жана министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлерине Корруппцияны алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү.  Тегерек столдун жүрүшүндө кызматкерлерге Коррупция  түшүнүгү, Антикоррупциялык саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Укук бузуу кодекстери жөнүндө маалымат берилди . Кызматкерлерди коррупцияны болтурбоо, алдын алуу, жана коррупциялык иштерден алыс болууга чакырды.