Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Ысык-Көл өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги


Жаратылыш ресурстары, экология жана техниалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-Балалык” реабилитациялык борборунун түндүк тарабындагы көлдөн 50-60 метр аралыкта чогулган курулуш таштандыларынын көп убакыттан бери чыгарылбай, тазаланбай жаткандыгы аныкталып, Чолпон-Ата шаарынын мэри Ж.Т.Ормоновго айтылып, мэрдин өзүнүн катышуусунда жана тийиштүү адистери менен биргеликте жеринде акт түзүлүп, “Алтын Балалык” реабилитациялык борборунун директорунун орун басарына чогулган таштандыларды бир күндүн ичинде толук тазалап чыгаруу тапшырмасы коюлуп, борбордун аймагындагы чачылып, жыйналбай жаткан таштандыларды тазалоо жана туура эмес коюлган эки ажаткананы алып салуу тапшырмасы дагы берилди.

“Алтын Балалык” реабилитациялык борборунун жетекчилиги тарабынан мындан ары таштандыларды өз убагында тазалап, чыгарып туруу милдетин алышып, жыйынтыгында Чолпон-Ата шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгы жана “Алтын Балалык” реабилитациялык борборунун жетекчилиги тарабынан чогулган таштандылар техникалардын жардамы менен чыгарылып, тазаланды.