Астана, РЭС-2026: Борбор Азия өлкөлөрү биоартүрдүүлүк боюнча Регионалдык декларацияга кол коюшту

Чүй өрөөнү
Астана, РЭС-2026: Борбор Азия өлкөлөрү биоартүрдүүлүк боюнча Регионалдык декларацияга кол коюшту
22-апрелде Астанада өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин биринчи күнүнүн алкагында «Жаратылыш менен гармония» аттуу жогорку деңгээлдеги сессиянын негизги окуясы — Борбор Азия өлкөлөрүнүн биоартүрдүүлүк тармагындагы кызматташтыгы боюнча Регионалдык декларациясына  расмий кол коюлушу болду.


Бул стратегиялык документ аймактагы өлкөлөрдүн жаратылыш байлыгын коргоо боюнча аракеттерин бириктирет жана экосистемаларды биргелешип башкаруу боюнча «Чатырча» программасын түзүүгө негиз болот. КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев сессияда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан чек ара аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана масштабдуу жаратылышты коргоо демилгелерин ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.


Акыл Токтобаев өз сөзүндө:
«Бүгүнкү Декларацияга кол коюу — биздин аймак үчүн фундаменталдык кадам. Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкө үчүн биоартүрдүүлүктү жана ландшафттардын байланышын сактоо боюнча биргелешкен ниеттерибизди бекемдөө абдан маанилүү. Биз буга чейин эле өзгөчө корголуучу аймактарды кеңейтүү жана GSLEP программасынын алкагында илбирсти коргоо боюнча жигердүү иштеп жатабыз. Бирдиктүү регионалдык позиция бизге ички экологиялык маселелерди натыйжалуу чечүүгө гана жардам бербестен, 2027-жылы республикабызда өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүгө чоң салым болот».


---
#РЭС2026 #Астана #АкылТоктобаев #МинприродыКР #Биоартүрдүүлүк #Кыргызстан #Бишкек25 #GSLEP #Экология