Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актыларды өркүндөтүү боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актыларды өркүндөтүү боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде атмосфералык абаны коргоо жаатындагы укуктук ченемдик базаны өркүндөтүүгө багытталган атайын жумушчу жыйын болуп өттү.

Жыйын Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, ага атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн адистери, регионалдык башкармалыктардын жетекчилери жана тиешелүү тармактык адистер катышты.

Жыйындын алкагында төмөнкү негизги маселелер каралды:

  • Атмосферага булгануучу заттарды бөлүп чыгарган ишканалардан чогултулуучу төлөмдөрдүн жол-жоболорун тактоо жана алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
  • Чарба субъектилери тарабынан жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн төлөнүүчү милдеттүү экологиялык төлөмдөрдү чогултуу тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Ишканаларда чаң жана газ тазалоочу жабдууларды милдеттүү түрдө орнотуу жана алардын атайын белгиленген техникалык талаптарга ылайык үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча көзөмөл механизмдерин күчөтүү.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, аларды ишке ашыруу боюнча так мөөнөттөр жана жооптуу тараптар аныкталды. Ошондой эле мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалып, талкуулоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлмөй болду.